52 киши күйүп кеткен автобустун үч айдоочусу кармалды

Айдоочулар өрт коопсуздук эрежелерин бузган деп айыпталууда
Sputnik

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Актөбөдө 52 өзбекстандык өрттөнүп кеткен автобустун үч айдоочусу кармалганын Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Түштүк Кореяда оорукана өрттөнүп, 31 киши каза болду
Тергөө өрткө айдоочулардын өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди сактабай, автобус ичинде каңдоочу лампаны пайдаланганы себеп болгонун аныктап чыккан.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эскерте кетсек, 18-январь күнү Казакстандын Актөбө облусундагы Иргиз районунун Самара — Шымкент жолунда 57 кишиси менен бараткан "Икарус" автобусу өрттөнүп кеткен. Кырсыктан үч айдоочу менен эки жүргүнчү гана аман калган. Каза тапкандардын баары Өзбекстандын жарандары болчу.

Мертингендердин арасында бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү бар экени маалым.