Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы эми Францияда көрсөтүлмөй болду

Буга чейин "Кентавр" немис кино сүйүүчүлөрүнө тартууланган
Sputnik

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. 31-январдан тарта кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Франциянын кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу фильмди көрсөтүүгө укук алган Epicentre Films компаниясына шилтеме берип тасманын сопродюсери Алтынай Койчуманова билдирди.

Маалыматка караганда, тасма 30дан ашуун кинотеатрларда көрсөтүлүп, DVD дискке чыгарылуусу күтүлүп жатат.

"Актан Арым Кубат 22-26-январь күндөрү бул өлкөнүн бир нече кинотеартларында бет ачаар алдындагы көрсөтүүлөргө катышты. Кызыгы, Париж шаарында эң мыкты болуп эсептелген Cinema des Cineastes кинозалында тасманы эл алдына "Такси", "Васаби", "Жанна д"Арк" тасмаларынын режиссеру Жерар Кравчик алып чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

"Кентавр" тасмасы бүгүнтөн тарта Германияда прокатка чыкты
Режиссердун мурдагы эмгектери "Бешкемпир", "Маймыл" жана "Свет аке" фильмдери дагы Франция кино сүйүүчүлөрүнө тартууланган.

Ошондой эле "Кентавр" 6-февраль күнү өтө турган Европадагы Азия киносунун Везуль фестивалын жабуучу тасма катары чакыруу алды.

Эске салсак, "Кентавр" Германияда 28-декабрдан тарта көрсөтүлө баштаган. Ал Лейпциг, Дрезден, Гамбург сыяктуу 41 шаардын 47 кинотеатрында көрсөтүлөрү айтылган.