Радио

Акаев: демөөрчүлөр түтүгүн, өкмөт моторун алып берсе эл өзү таза суу чыгарып алат

КСДП фракциясынын депутаты Жанар Акаев таза суу көйгөйүн ынтымакта чечүү керек экендигин айтты
Sputnik
Акаев: демөөрчүлөр түтүгүн, өкмөт моторун алып берсе эл өзү таза суу чыгарып алат

Демөөрчүлөр түтүктөрүн, өкмөт моторун алып берсе эл өзү таза суу чыгарып алат. Бул тууралуу Жанар Акаев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, таза суу маселеси боюнча 2001-2014-жылдары өлкөгө 90 миллион доллардай акча келген.

"Ал убакта подрядчылардын тажрыйбасы аз болуп, элдин уюшумдуулугу анча калыптана элек болчу. Азыр өкмөт фонддор, демөөрчүлөр жана айылдагы ынтымак коомдорунун башын бириктирип, эң муктаж болгон айылдарды биринчи кезекке чыгаруу керек. Демөөрчүлөр түтүктөрүн, өкмөт моторун алып берсе, калганын эл өзү жасайбыз деп жатат", — деди Акаев.

Эл өкүлү учурда чар жайыт болуп демөөрчүлөр өзүнчө, коомдор менен өкмөт өзүнчө иш алып барып жатканын кошумчалады.