Ат жалында топ ойногондор. Кыргызстандык оюнчулар француздарды утуп алды

Бейшемби күнү Токтогулда хорсбол боюнча чемпионат өтүп, жергиликтүү "Биримдик" командасы жеңүүчү болду
Sputnik

Спорттун бул өзгөчө түрү дал ушул Токтогул районунда белгилүү. Быйыл экинчи жолу чемпионат өткөрүлүп жатат.

Кычыраган мушкерлер, көйкөлгөн балбан кыздар. Sports Awards кандай өттү
Быйылкы мелдешке жергиликтүү алты команда жана Франциядан келген спортчулар катышты.

Кыргызстандыктар финалда француздарды 4:3 эсебинде утуп алышты. Оюнчулар суукка карабай кызыктуу мелдеш өткөрүштү.

Жеңген команда чемпионаттын кубогуна ээ болду.

Хорсбол — франциядагы спорттун түрү. Анда баскетбол менен регбинин элементтери камтылган. Болгону аны атчан ойношот. Атаандашынын алкакчасына топту арбын киргизген команда жеңишке жетет. Ар бир тайпада төрттөн киши болот да, алар 10 мүнөттөн эки тайм ойнойт.