Меценат Исагалиев кезектегин Тез жардам унаасын Караколдогу ооруканага тапшырды

Замандын талабына жооп берген бул техниканын ачкычын Исагалиев облустук бириккен ооруканасынын жетекчиси Токтобай Маанаевге тапшырып берди
Sputnik

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Жеке ишкер Мирлан Исагалиев Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына Тез жардам автоунаасын тапшырды.

1 / 2
Жеке ишкер Мирлан Исагалиев Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына Тез жардам автоунаасын тапшырды
2 / 2
Замандын талабына жооп берген бул техниканын ачкычын Исагалиев облустук бириккен ооруканасынын мүдүрү Токтобай Маанаевге берди.

Замандын талабына жооп берген бул техниканын ачкычын Исагалиев облустук бириккен ооруканасынын мүдүрү Токтобай Маанаевге берди.

Алгачкы кадам! Ош мэриясы балдар үйүнүн тарбиялануучусуна батир белек кылды
Ишкерге элдин атынан өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Узар Жылкыбаев жана Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиев ыраазычылык баракчасын тапшырды.

Ишкерге ыраазылыгын билдиргендер немец өндүрүшүнөн чыккан, заманга ылайык Mercedes-Benz үлгүсүндөгү медициналык автоунаа облустук ооруканага биринчи жолу келип отурганын айтты.

Эскерте кетсек, Исагалиев буга чейин да меценаттык кылып, Балыкчыга гемодиализ борборун ачса, Талас жана Нарын ооруканасына да Тез жардам унаасын белек кылган.