БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Казакстандын Акмоло облусундагы жолдо кыргызстандыктар бара жаткан автобус тоңуп калып, жүргүнчүлөр эвакуацияланганын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Автобус Екатеринбург — Алматы унаа жолунун 114-чакырымында бузулуп калган.
Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинин билдиргенине караганда, унаа Жалал-Абад — Пермь — Москва маршруту менен бара жаткан. Салондогу 22 кишинин бардыгы кыргызстандыктар экени айтылды.
Жергиликтүү башкаруу органдары жана курткаруучулардын жардамы менен жүргүнчүлөр Астраханка айылынын мектебине жеткирилип, ал жерде эс алчу бөлмө жана ысык тамак уюштурулган.
Эске салсак, 18-январь күнү Самара — Шымкент унаа жолунда, тагыраагы, Калыбай айылынан 10 чакырым алыстыкта "Икарус" үлгүсүндөгү автобус жүрүп бара жаткан жеринен өрттөнүп кеткен. Анын ичинде бара жаткан 57 адамдын бешөө гана аман калып, калган 52 киши каза тапкан. Алардын баардыгы өзбек жарандары болчу.