Исаков: санариптештирүү боюнча Россия менен тажрыйба алмашууга кызыкдарбыз

Өкмөт башчы Россиянын фискалдык органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча ийгиликтүү тажрыйбасы кыргыз тараптын кызыгуусун жаратып жаткандыгын белгилеген
Sputnik

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 24-январда, Давос шаарындагы (Швейцария) Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында Россиянын өкмөт төрагасынын орун басары Аркадий Дворкович менен жолугуп, кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу темаларын жана келечегин талкуулады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. 

Исаков ири компаниялардын өкүлдөрүн КРге инвестиция салууга чакырды
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар санариптик трансформация боюнча Кыргызстандын пландары, салык процедураларын фискалдаштыруу боюнча тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле Кыргызстандын ички рыногуна ачык түстүү мунай продуктуларын алып кирүү боюнча актуалдуу суроолорду талкуулашты. 

Өкмөт башчы Россиянын фискалдык органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча ийгиликтүү тажрыйбасы кыргыз тараптын кызыгуусун жаратып жаткандыгын белгилеген.

“Аталган багыт боюнча тажрыйба алмашуу биз үчүн абдан пайдалуу болмок. Биз салык кызматынын ишмердүүлүгүнө кардиналдуу реформаларды жүргүзүүнү жана көмүскө экономиканын көлөмүн кыскартуу, өлкө бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча иштерди улантууну пландап жатабыз”, — деп айтты Исаков. 

КР менен Россиянын аскердик кызматташуусу тууралуу келишим ратификацияланды
Аркадий Дворкович Россия Федерациясынын өкмөтү өз тарабынан тийиштүү колдоо көрсөтүүгө жана бул маселе боюнча эксперттик жумушчу таптордун деңгээлинде өз ара аракеттешүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга даяр экендигин белгиледи. 

Мындан тышкары, тараптар 2018-жылдын биринчи жарымында өтүүчү Кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумун өткөрүү маселесин талкуулашты.