Кыргызстандыктар хорсболдун суперфиналында француздарды утуп алды

Экинчи ирет өтүп жаткан чемпионаттын байге ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды
Sputnik

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Токтогулдун "Биримдик" командасы хорсбол боюнча чемпионатта франциялык атаандаштарын 4:3 эсеби менен утуп алды.

Хабиб Нурмагомедовдун атасы Ош шаарына мастер-класс өтүү үчүн барды. Сүрөт
Мелдеш 25-январь күнү Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунда болду.

Хорсбол федерациясынын президенти Мунарбек Кулданбаевдин айтымында, чемпионатка жергиликтүү алты жана Франциядан келген бир команда катышкан. "Биримдик" командасы мелдешти утуп, франциялыктар менен суперфиналга чыккан. Оюн кыргызстандыктардын пайдасына 4:3 эсеби менен соңуна чыккан.

Хорсбол — франциялык спорттун түрү. Анда баскетбол менен регбинин элементтери камтылган. Болгону оюн ат үстүндө ойнолот. Атаандашынын алкакчасына көп топ таштаган команда жеңишке жетет. Ар бир топто төрттөн киши болуп, 10 мүнөттөн эки тайм ойношот.