Сөздүн кыскасы, министр улут саламаттыгынын начарлашына дары-дармектин чар-жайыт сатылышы себепкер экенин айтты. Дары бөтөлкөлөрү жана таблеткаларды саткандар эрежелерге кол шилтейт, ал эми эл таңкы да, түшкү жана кечки тамактарын да жан дили менен дарыга алмаштырып койгон.
Батыралиев былтыркы маегинде фармакологиялык мафияны ооздуктай тургандыгын убада кылган. Кыргызстандагы дары-дармек рыногун тартипке салуу үчүн баарына даяр экендигин, буга тоскоолдуктар күч болорун да эскерткен.
Тек гана дал келип калдыбы же жокпу так биле албайбыз деңизчи, бирок быйыл өлкөнүн бир дагы министри Талантбек Батыралиев сымал кайра-кайра талоондо калбаса керек. Кызматтан алынышын талап кылышты, жеке өзүнө дооматтар коюлду. Маселен, парламент депутаты Евгения Строкова бул киши ага жаман кеселге кабылышын тилегенин да эсине салды.
Ал эми дал жаңы жылды утурлай парламентарийлер Саламаттык сактоо министрлигинде мыйзам бузуулар кездешери тууралуу 75 беттен турган маалымкатты талкууга чыгарышты. Ошону менен бирге эле аталган министрлик жетекчилигин кызматкерлерди мыйзамсыз иштен кетиргендиги, каржылык мыйзам бузгандыгы үчүн күнөөлөшкөн.
Маселен, министр өзү иш өтөлгө жылдары үчүн 166 миң сом үстөк айлык алган. Дароо аны министрликтин кассасына кайтарганы ырас… Батыралиев ЖК жыйынында бардык дооматтарды четке кагып, аларды талкуулоодон да баш тарткан.
— Айрым парламентарийлер менен соңку жаңжал кандайча тутанып кетти?
— Жаңжал болдубу?
— Ооба.
— Көйгөйлөрдү көтөрүп чыгуу — Жогорку Кеңештин тикелей милдети. Сын ар убак болууга тийиш, бирок… мындай түрдө эмес. Кандай болгон убакта да бири-бирибизге сый кайрылуубуз абзел, бирок, бизде андай болбоду.
Окуя эмне үчүн мындай өңүт алды? Ага чейин бир катар депутаттар комиссия түзүп, жыйынтыгында жалаң терс пикирлерден турган маалымкат даярдашкан.
Декабрдын аягында, жума күн болчу, мага телефон чалышып, дүйшөмбүгө белгиленген жыйынга чакырышты. Анда да дооматтар камтылган маалымкатты эч ким мага берген жок. Мага кандай кине коюлуп жатканын билүүгө тийиш элем, өзүм табууга аргасыз болдум.
Жыйында коюлган дооматтарга бир гана жөнөкөй себеп менен жооп кайтарган жокмун, себеби жетекчиси катары мага гана эмес, Саламаттык сактоо министрлигинин башка кызматкерлеринин дарегине да айыптоолор жазылган экен. Жаран катары менин да укуктарымды сыйлап, командам менен биргеликте аларга жооп даярдоого убакыт берүүлөрүн талап эткем.
Ошентсе да Жогорку Кеңешке келгенимде депутаттардын эбак эле Батыралиевди кызматтан алуу чечимин чыгарып койгондуктарын байкадым. Кечиргиле, бирок мен андайга макул эмесмин! Депутаттар алдында да, прокурорлор алдында да бардык суроолорго жооп берүүгө даярмын. Маалымкатта жазылган бардык дооматтарды четке кагам.
— Сизди мыйзамсыз алды дешкен 166 миң сомдун учугу кайда эле?
Узак жана үзгүлтүксүз иштегендиктен, азыр маяна маанилүү эмес. Мени бекитишти, иштедим. Жыл айланбай Эсеп палатасынан аудиторлор келип, мага иш тажрыйбам үчүн үстөк акы туура эмес которулуп жатканын кабарлашты. Көрсө, чет жердеги иш жылдары эсептелбейт экен.
Мен эмне Кыргызстандан тыш жакта 25 жыл иштеп келгенимди жашырып койдум беле? Жок. Дароо тыйынына чейин кайра кайрыдым. Ката кетиптир мында, жетекчи катары ал үчүн жоопкерчилик менин мойнумда. Андай окуя кайталанбашы үчүн ошондо эле бардык кошумча акылардан жазуу түрүндө баш тарткам.
— Мындай кысымдар сизге дары-дармек бизнесин тартипке салуу ниетиңизден улам жасалып жаткан жокпу?
— 2014-жылдын ноябрынан тарта министр болуп иштеп келем. Бул убакытта Алмазбек Атамбаевдин колдоосу менен дары-дармектер боюнча үч мыйзам топтомун парламент аркылуу өткөрдүк. Эбегейсиз каршылыктарга кабылдык.
Айрым укуктук маселелерди иретке салуубуз зарыл, бирок жалгыз дары каражаттары жана медициналык багыттагы товарлардын бирдиктүү тизмеси менен чектелип калбайбыз. Дары-дармек баасын жөнгө салуу жана бир таблетка көз жаздымда калбагыдай сырттан ташып келүүнү көзөмөлдөөнү мамлекет колго алгыдай кылууга умтулабыз.
Серепчилердин маалыматына таянсак, бул рыноктун көлөмү 80 миллиард сомду түзөт. Биз бажы аркылуу өткөн 13 миллиардын гана көзөмөлдөй алабыз.
— Дары каражаттарынын баасын көзөмөлдөөнү көздөгөнүңүздөрдү айттыңыз. Алар эмне КМШнын башка мамлекеттерине караганда кымбат турабы?
— Медикаменттердин баасы бизде абдан жогору. СССР ыдырагандан тарта рынок түгөлү менен жеке колго өткөн. Андан бери монополисттер пайда болгон, кокус башка бирөөнүн рынокко киришине алар жол бербейт.
Бул катардагы адамдар алектенчү бизнес эмес, бул көптөгөн миллион доллар киреше алып келчү багыт. Менимче, карапайым жарандар бизди колдоого тийиш.
— Эгер бизнестин бул түрү менен шугулданган болсом, эки кадамга бармакмын: биринчи, сизди сатып алууга жан үрөмөкмүн. Экинчиси — сизди коркутуп, опузалоого өтмөкмүн. Сиз кайсынысына кабылдыңыз?
— Мага ачык эле: "Жол беришпейт" дешет. Бирок ишти баштаганда эле буларды болжогон элем. Өлкөдө 6 миллион калк жашайт, генофонддун тобокелге салынышына кайдыгер карай албайбыз. Биздеги жайнаган дарыкананы карагылачы. Бул эл дары-дармекти өзү өзүнө жазып алып, чектелбеген көлөмдө ичип жатканын кабарлайт.
Орган алмаштыруу багытында да абал оңой эмес. Баары эле: "Эгер орган алмаштырууга уруксат берсеңер, балдарды уурдай башташат!" деп кыйкырышат. Мындай операциялар Тажикстан, Өзбекстан, Казакстанда жасалып келе жатат, кооптуу көрүнүшкө деле кабылышкан жок. Кеп — бул амалдарга талаптар абдан катаал коюлганында.
Бейтаптар үчүн да жасалма бөйрөккө караганда алмаштырылганы менен жашаганы жакшыраак. Дарыларын маалынан кечиктирбей ичүү менен алар кадыресе турмуш кечире беришет. Бирок кайрадан эле мында да чоң бизнестин кызыкчылыктары жатат. Жыл сайын дары-дармек жана жумшалган материалдардын бюджети 50 миллион долларды түзөт, ким андай пайдадан баш тарткысы келсин?
Миллиондогон бизнесинен кол жууганча миң доллар менен реформаторду жок кылуу жеңил экендигин түшүнөм. Бирок мен эч нерседен коркпойм: президент, премьер жана парламенттин көпчүлүк бөлүгү колдоп турганда баштаган ишимди аягына чыгарам.
Дары-дармек менен бойдон алдыруунун кесепеттери тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>