Бишкекте Владимир Высоцкийди эскерүү кечеси өтөт

Тасмалардан сырткары, сүрөт көргөзмөсү менен Высоцкийдин ырлары окулат
Sputnik

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борборунда Владимир Высоцкий эскерилет. Бул тууралуу уюштуруучулардын Facebook баракчасына жарыяланды.

Акындын 80 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп даректүү тасмалар көрсөтүлөт. Ошондой эле Владимир Высоцкийдин ырлары окулат.

Кирүү акысы бекер. Иш-чара 26-январда саат 16.00дө башталат.