Айсулуу Токомбаеванын 70 жылдык мааракеси белгиленет

Салтанат 1-февраль күнү саат 15.30да башталмакчы
Sputnik

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык училищеде СССРдин эл артисти, атактуу балерина Айсулуу Токомбаеванын 70 жылдыгына карата салтанаттуу концерт өтө турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Кыргыздын ак куусу Айсулуу Токомбаева 70 жашта! Бийчи тууралуу 7 факты
Эскерте кетсек, Токомбаева 1947-жылы 22-сентябрда Фрунзе шаарында туулган. 1966-1995-жылдары Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында балет бийчиси болуп иштеген. Анын репертуарында дүйнөлүк классикалык жана кыргыз балеттеринин башкы партиялары бар.

1995-жылдан бери Түркия өлкөсүндө, Анкара мамлекеттик консерваториясында хореография боюнча окутуучу болуп иштеп келет.

Министрликтин маалыматында концертке улуу таланттын өзү да келе турганы айтылат. Салтанат 1-февраль күнү саат 15.30да башталары белгилүү болду.