Радио

Шер-Нияз: "Кожомкул" тасмасын тарта турган режиссёр ачык жол менен тандалат

Депутат тасманы тартуу үчүн баштапкы бөлүнгөн 25 миллион сом 70 миллионго чейин өсүшү мүмкүн экендигин айтты
Sputnik
Шер-Нияз: "Кожомкул" тасмасын тарта турган режиссёр ачык жол менен тандалат

Кожомкул балбан тууралуу тасманы тарта турган режиссёр ачык жол менен тандалат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты жана режиссёр Садык Шер Нияз Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, конкурска бардык режиссёрлор катыша алат.

"Конкурс демократиялуу түрдө ачык жарыяланды. Ага "Мен мыкты тасма жарата алам", "Мен мыкты сценарий жаза алам" деген бардык каалоочулар катыша алат. Аларды кино тармагындагы абдан тажрыйбалуу, беделдүү, кадыр-баркка ээ кишилер иргеп, мыктысын алып чыгат. Калыстар тобундагылардын пикири эч убакта бирдей болбойт", — деди Шер-Нияз.

Эскерте кетсек, тасма Каба уулу Кожомкулдун 2019-жылы белгиленчү 130 жылдык мааракесине карата тартылмакчы.

Алп балбан Кожомкул тууралуу 9 фактыны Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинен окуңуздар>>