БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда 38 тонна күйүүчү май ташып бараткан унаа Чычкан суусуна кулаганда ичиндеги майынын 30 тоннасы төгүлгөн. Бул туурасында Мамлекеттик экотехинспекциянын маалымат кызматы билдирди.
Ал унаа АИ-80 үлгүсүндөгү бензин ташып бара жаткан. Эгер картадан карай турган болсок окуя болгон жерден аккан суу 15-16 чакырым аралыкка агып түшүп Токтогул суу сактагычына куюлат.
Ал эми Экотехинспекциянын Экологиялык коопсуздук башкармалыгынын бөлүм башчысы Жолдош Нурманбетов түзүлгөн кырдаал жаратылышка анча кооптуулук жаратпай турганын билдирди.
"Чычкан дарыясынын өзүндө да балыктар болгон. Алар да өлүшү мүмкүн. Учурда топурактын, суунун жана балыктын үлгүсү алынып Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча агенттигинин лабораториясына текшерүүгө берилген. Ал эми Токтогул суу сактагычына кооптуу кырдаал алып келбейт деп ойлойм. Толук маалымат экспертизанын жайынтыгынан кийин айтылат", — деди Нурманбетов.
Эскерте кетсек, 38 тонна май ташып бараткан унаа 20-январь күнү Бишкек — Ош унаа жолунун 264-чакырымында сууга кулап, анын кесепетинен бир адам каза тапкан. Кырсыктан жабыркаган дагы эки киши аймактык ооруканага жеткирилген. Эки күндөн кийин Нарын ГЭСтен 100 тонналык чоң кран чакырылып унааны тартып чыгарган.