WhatsApp бизнес үчүн өзүнчө акысыз тиркеме иштеп чыкты

Учурда WhatsApp Business тиркемеси Android базасында Индонезия, Италия, Мексика, Англия жана АКШдагы бизнес-компаниялар үчүн жеткиликтүү болуп турган чагы
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. WhatsApp мессенджеринде ишкерлер үчүн WhatsApp Business тиркемеси иштей баштаганы расмий блокто айтылат.

WhatsApp тиркемесиндеги каттарды көчүрүп, үн жазып ала турган вирус чыкты
Тиркеменин башкы өзгөчөлүгү катары ишкерлердин өз ишканасынын профилин түзүүгө мүмкүнчүлүк алганы саналары айтылууда. Аккаунтта эмгектенген тармагы, көрсөткөн кызматы, дареги жана байланышуу жолдорун жаза алышат. Кардар менен сүйлөшүүгө ыңгайлуу болушу үчүн көп берилчү суроолорго ыкчам жооп жана саламдашуу каралган.

Маалыматта кийинчерээк компаниянын телефон номерлери верификациялана турганы кошумчаланат.

Учурда WhatsApp Business тиркесмеси Android базасында Индонезия, Италия, Мексика, Англия жана АКШдагы бизнес-компаниялар үчүн жеткиликтүү болуп турган чагы. Калган мамлекеттерде жакынкы аралыкта иштей баштаары айтылды.