Аким: Чычкан суусуна кулаган бензовоз чыгарыла элек. Балыктар тонналап кырылууда

Сууга кулаган күйүүчү май ташуучу унаа азыркыга чейин чыгарыла элек
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Чычкан суусуна күйүүчү май ташуучу унаанын түшүп кетүүсүнөн улам жеке ишкердин балыктары массалык түрдө кырылууда. Бул туурасында Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкулов билдирди.

Эскерте кетсек, ишемби күнү Бишкек — Ош жолунда күйүүчү май ташыган Freightliner унаасы Чычкан суусуна түшүп кеткен. Кырсыктан бир адам каза таап, экөө жаракат алган. Жабыркагандар Токтогул райондук ооруканасында.

1 / 2
Ишемби күнү Бишкек — Ош жолунда күйүүчү май ташыган Freightliner унаасы Чычкан суусуна түшүп кеткен.
2 / 2
Кырсыктан бир адам каза таап, экөө жаракат алган. Жабыркагандар Токтогул райондук ооруканасында.

"Жаңы-Жол айылындагы Чычкан суусунун боюнда жайгашкан ишкер Аманжан Борбиевдин жеке чарбасында багылып жаткан балыктары өлүп жатат. Азырынча канча экенин так айта албайм, бирок өлгөн балыктарды тонналап чыгарышууда. Учурда бул боюнча атайын кызматтар иш алып барып жатат", — деди аким.

Боом капчыгайында жүк ташуучу автоунаанын жалындап өрттөнгөн видеосу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче кулаган унаа 38 тонна күйүүчү май ташып бара жаткан.

"Учурда ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысы Дайыр Каримов да келип, окуянын чоо-жайы такталууда. Жарандык коргонуу комиссиясы келтирилген зыяндарды аныктоо иштерин баштады. Ал эми унааны тартып чыгаруу үчүн Нарын ГЭСинен 100 тонналык атайын техника чакырылды", — деп билдирди ӨКМдин маалымат кызматы.

Министрлик балыктардын кырылып жаткандыгы тууралуу маалымат бар экенин, анын чоо-жайы такталып жатканын кошумчалады.