Апта ирмеми: тоодогу саунадан тарта мусулмандардын съездине чейин

Sputnik

Мельбурн шаарында теннис боюнча Австралиянын ачык чемпионаты өтүп жатса, АКШнын Детройт шаарында машиналардын эл аралык көргөзмөсү уюштурулду.

Кычыраган мушкерлер, көйкөлгөн балбан кыздар. Sports Awards кандай өттү
Ал арада Россиянын президенти Владимир Путин Крещение майрамында муздак сууга чөмүлдү.

Париж шаарында Paris Animal Show көргөзмөсү өтсө, Рио-де-Жанейронун жээгинде машина кишилерди сүзүп, сегиз айлык ымыркай чарчап, 15тен ашык киши жаракат алган.

Парижде өткөн эркектердин мода жумалыгында Julien David коллекциясы көрсөтүлсө, Колумбияда Богота жана Виллависенсио шаарларынын ортосунда курулуп жаткан көпүрө урап, 10 жумушчу каза болду.

Бангладеште мусулмандардын бүткүл дүйнөлүк съезди аяктады. Ал эми Австрияда тоо спорту боюнча аялдар арасында дүйнө чемпионаты өттү.

1 / 22
Детройтто өткөн машиналардын эл аралык көргөзмөсүндөгү Dodge Challenger SRT Demon
2 / 22
Россиянын президенти Владимир Путин Крещение майрамында муздак сууга чөмүлдү
3 / 22
"Каракол" тоо лыжа базасында эс алгандар
4 / 22
Париждеги Paris Animal Show көргөзмөсүндө калыстар бенгаль мышыгынын параметрлерин карап жатат
5 / 22
Париждеги эркектердин мода жумалыгында Julien David коллекциясы көрсөтүлдү
6 / 22
Сантьяго (Чили) шаарында кечил аялдын кийимин кийген кыз Рим папасы Францисктин келишине каршылык көрсөтүүдө
7 / 22
Москва шаарында көркөмдөп муз тебүү боюнча Европа чемпионатынын ачылышы
8 / 22
Ла-Пас — Уюни "Дакар" раллисинин жетинчи этабы (Боливия). Сүрөттө аргентиналык Диего Мартин Дюплессис
9 / 22
Рио-де-Жанейронун жээгинде машина кишилерди сүзүп, 8 айлык ымыркай чарчап калды. Жаракат алгандардын саны 15тен ашат
10 / 22
Владивостоктогу Алтын мүйүз булуңундагы ак чардак
11 / 22
Калькуттаны туман каптаганда (Индия)
12 / 22
Колумбияда Богота жана Виллависенсио шаарларынын ортосунда курулуп жаткан көпүрө урап, 10 жумушчу каза болду
13 / 22
Йемендин Сана аймагындагы Хути кыймылын колдогон куралчан аялардын митинги
14 / 22
Мельбурнда теннис боюнча Австралиянын ачык чемпионатын көрүүгө келген күйөрман
15 / 22
Тоо башындагы сауна (Италия)
16 / 22
Индиянын Мадураи аймагындагы Паламеду айылында букаларды кооздоо боюнча "Жаликатту" мелдешинин катышуучулары
17 / 22
Испаниянын Сан-Бартоломе де Пинарес айылындагы Las Luminarias от фестивалы. Анда эр жүрөк чабандестер аты менен оттон секиришет
18 / 22
Тобу менен учкан чыйырчыктар (Израиль)
19 / 22
Түркиянын башкы штабы 20-январда Африн аймагында күрддөрдүн биригишине каршы операция баштаган. Ага 72 учак тартылып, 113 жер бутага алынса, анын 108и жок кылынган
20 / 22
Бангладеште мусулмандардын бүткүл дүйнөлүк съезди аяктагандан кийин Тонги шаарындагы темир жол станциясындагы абал
21 / 22
La Verita спектаклине даярданып жаткан артист. Санкт-Петербург
22 / 22
Машыктырган спортчусу канчанчы болуп келе жатканын көрүүгө ашыккан тренер. Австрия