Толук колукту аны 15 килограммга "арыктатып" койгон сүрөтчүгө таарынды

Даяр сүрөттөрүн көргөн Кэти Липольдун итатайы тутулуп кеткен
Sputnik

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Сүрөтчү АКШлык колуктуну үлпөт той алдындагы сүрөтүндө 15 килограммга "арыктатып" коюп, кардарын таарынтып алды. Бул тууралуу Independent басылмасы жазды.

​Кэти Липольдун айтымында, Линда Сильвестр аттуу фотограф аларды сүрөткө тартуу процесси абдан жакшы өткөн. Бирок даяр сүрөттөрдү көргөндө, жагымсыз сезимдерге туш болгон. 

"Жигитим экөөбүздү тең фотошоптун жардамы менен 15 килограммга арык кылып коюптур. Биз өзүбүздүн турпатыбыз менен жагымсыз көрүнүп атабызбы?" — деди жаш колукту. 

Жылаңач аял добуш берип жаткан Чехиянын президентине атырыла чуркады
Түгөйлөр фотограф менен байланышканда, ал келишимди жокко чыгарса болорун, бирок алдын ала берилген акчаны кайтарып бербей турганын айткан. 

Андан бир аз өтүп эле Линда Сильвестр өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына семиз түгөйлөрдү сүрөткө тартам деп кыйналганын жазган. 

Кийин аны интернет колдонуучулар адамдын келбетине жана тулку боюна сын таккандыгы үчүн жемелешкен.