Кабулда террорчулар кол салган мейманканадагы кыргызстандыктар аман калды

Кол салуудан беш адам көз жумуп, алтоо жарадар болгон
Sputnik

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Афганистандын борборунда жайгашкан "Интерконтиненталь" мейманканасына террорчулар кол салды. Аталган жайда жети кыргызстандык иштечү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Куралчан согушкерлер Intercontinental Hotel мейманканасына кечээ түн ичинде кирип барышкан. Таң аткыча ал аймактан жардыруулар менен атышуулардын үнү жаңырып турган.

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинде кандай сунуштарды айтты
Буга чейин аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигинин өкүлү Нажиб Даниш каза болгон жана жабыркагандардын бардыгы Афганистандын жарандары экенин маалымдаган болчу. РИА Новости агенттиги билдиргендей, кол салуудан беш адам көз жуумп, алтоо жаракат алган.

Ал эми Кыргызстандын жарандары жапа чеккен эмес, учурда коопсуз жайда.

Афганистандагы Кыргызстандын элчилиги аталган өлкөнүн тартип сакчылары жана аман калган мекендештер менен байланышты үзбөй кармап турат.

Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери жакынкы аралыкта Кыргызстандын жарандары менен жолугушат.