Актөбөдө өрттөнгөн автобус: көз жумгандардын арасында ата-бала, ага-инилер болгон

Кырсыктан көз жумгандар Өзбекстандын Андижан, Наманган, Фергана, Сурхандарь облустарынын жана Ташкент шаарынын тургундары болгон. Алардын эң жашы 18де болсо, улуусу февралда 50 жашка толмок.
Sputnik

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министрлиги Казакстандын Актөбө облусунда автобустагы өрттөн каза болгондордун толук тизмесин жарыялады.

Министрликтин маалыматына ылайык, 19-январь түнү атайын аскер-транспорттук учак Өзбекстанга 52 адамдын өрттөнгөн сөөгүн алып келген. Учурда алардын өздүгүн тактоо иштери жүрүп жатат.

Жарыяланган тизмеге ылайык, кырсыктан көз жумгандар Андижан, Наманган, Фергана, Сурхандарья облустарынын жана Ташкент шаарынын тургундары болгон. Алардын эң жашы 18де болсо, улуусу февралда 50 жашка толмок.

Мирзиёев Актөбөдөгү 52 киши өрттөнүп кеткен кырсыкка эмне себепкер болгонун айтты
Кырсыктан курман болгондордун арасында 31 жаштагы Хамидулла жана 26 жаштагы Хабибулло Мадрахимовдор ошондой эле 21, 23 жаштагы Абдулбоки менен Турдиали Мухсинжонов аттуу бир тууган ага-инилер болгон. Мындан сырткары, кырсыктан 47 жаштагы Марифжанов Адхамжон 20 жаштагы Авазбек Марифжанов аттуу баласы экөө көз жумган.

Каргашалуу окуя 18-январь күнү Самара — Шымкент унаа жолунун 1068-чакырымында, Калыбай айылынан 10 чакырым алыстыкта болгон. Анда "Икарус" үлгүсүндөгү автобус жүрүп бара жаткан жеринен өрттөнүп, ичиндеги 57 кишинин бешөө гана аман калган.

Казакстандын ички иштер министринин орун басары Ерлан Тургумбаев өрттүн себеби автобустун ичинде бензин менен иштеген каражаттардан улам чыгышы мүмкүн экендигин айткан.