Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинде кандай сунуштарды айтты

БУУнун коопсуздук кеңешинин жыйындарына катышкан министр Эрлан Абдылдаев бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрдү
Sputnik

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жума күнү, 19-январда, Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйындарына катышты.

Заседание Совета безопасности Организации Объединенных Наций в Нью-Йорке (США)

Иш-чаралардын бири — Борбор Азия, Афганистан жана БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөрдүн министрлеринин катышуусундагы жыйын.

"Абдылдаев өз сөзүндө Афганистанда тараптарды элдешүүгө чакыруу демилгесин Кыргызстан колдорун билдирди", — деп айтылат билдирүүдө.

Эрлан Абдылдаев менен Сергей Лавров АКШда жолугушту
Министр катышкан кийинки жыйын "С5+1" (Борбор Азия жана АКШ) форматындагы жолугушуу болду.

Бул жерде кыргыз министри аталган кызматташууну АКШ менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы алаканы бекемдөөгө колдонуу зарылдыгын баса белгиледи.

Ошондой эле Абдылдаев БУУнун башкы катчысынын контртеррордук башкаруу боюнча орун басары Владимир Воронков менен жолугушуп, коопсуздук жана экстремизмге каршы күрөш боюнча пикир алышты.