Жийдеш Идирисова 33 жашта! Отуздан кийин топ жарган ырчы тууралуу 7 факты

Кыргыз эстрадасында өзгөчө тембри, имиджи, сахнада алып жүрүүсү, анан да ачык-айрым мүнөзү менен айырмаланган ырчы Жийдеш Идирисова 33 жашка толду. Ал 1985-жылы 19-январда Нарын шаарында туулган.
Sputnik

Ырчы коомчулукка "Сен", "Өмүр", "Ким билет?" ырлары менен таанылган. 2015-жылы "Turkvizyon" эл аралык сынагын жеңип келген.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги ырчы тууралуу факты сунуштайт.

Кыргызстанская эстрадная певица Жийдеш Идирисова

Жийдештин ата-энеси 5 жашында ажырашып кеткен. Апасы мугалимдикти аркалап, кызы менен уулун жалгыз чоңойткон. Жийдештин өзүнөн кийин иниси бар.

Чкалов атындагы орус мектепте окуган. Окуучулук кезинен тарта ырчы болорун так билген. Өзүнүн "башка балдардай болуп дарыгер, мугалим же учкуч болууну самаган эмесмин. Кыял дагы, максат дагы ырчылык болчу. Буюрса, кыялыма жеттим" деп айтканы бар.

Ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев 40 жашта! Көп кырдуу талант тууралуу 7 факты
2001-2002 жылдары КТРК уюштурган "Сделано в KG" теледолбооруна катышкан. Бирок ал учурда ырчы катары чоң сахнага чыгууга толук даяр эмес болгондуктан, кафе-ресторандарда ырдап жүрчү. Кийин "Артек" аттуу топко солист болуп кирет. Бул топ коммерциялык долбоор болгондуктан келишим менен Кыргызстан ичине, Орто Азияга, Россияга болгон гастролдорго чыкчу. "Артек" музыкалык тобунда 6 жылдан ашык иштеп, андан соң "Сен" деген ыры менен жеке карьерасын баштаган. Кийинчерээк "Өмүр" атуу ыры көпчүлүктүн купулуна толуп, эл оозуна алына баштаган.

Жолдошу Андрей Догай менен студент кезинде таанышкан. Андрей Ташкенттен келген корей жигити. Кийинчерээк "Артек" тобун негиздеп, Жийдеш солист болуп калат. Бара-бара эки жаштын жылдызы келишип үйлөнүп алышкан. Ырчы жолдошунан 11 жашка кичүү. Учурда жубайлар Севера жана Адель деген кыздардын ата-энеси. Жийдештин келбетин да корей кыздарына окшоштурушат. Ырчы бул нерсени бир нече жолу тастыктаган жайы бар. Ал гана эмес "көбү кыргызча сүйлөгөнүмдө таң калат" деп айтат.

Отуздан кийин өрт алып… 2015-жылдын 19-декабрында Түркиянын Стамбул шаарында өткөн "Turkvizyon-2015" эл аралык сынагынын гранд-финалында Кыргызстандын атынан чыккан ырчы "Ким билет?" аттуу ырды аткарып, 1-орунду ээлеген. Ырчы анда туура 30 жашта болчу. Ырчы ошондо "эми мындан ары эл аралык сынактарга катышпайм. Анткени көптөгөн жаш таланттар өсүп келе жатат. Кыргызстандын атын чет элде таанытуучу таланттарга орун бошотом" деп айткан.

Майкл Жексондун талантына таасирленет. Жийдештин "Майкл сүйүү жөнүндө ырдаган эмес. Ырларында адамгерчиликке, ынтымакка, сүйүүгө чакырган. Мен дагы стилим, үнүм менен улуу талант сыяктуу тарыхта из калтыргым келет" деп айтканы бар.

Президентская елка для школьников в Национальной филармонии имени Токтогула Сатылганова

Ырчы былтыр жолдошу менен өзүнүн атындагы продюсердик борбор ачкан. Бий, вокал жана музыкалык аспаптарда ойноо боюнча үч багытта жаштарды тарбиялашат.