Каалоочулар чет жакта билим алуу үчүн эмнелерди билип, кандай талаптарды аткарышы керек? Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Сарбагышева түшүндүрүп берди.
Кимдер катыша алат?
Окууда жетишкендиктери мыкты болуп, англис тилинде эркин сүйлөй алган 18 жаштан жогору курактагы жаштар катыша алат.
Кандай талаптар менен кабыл алынат?
Экинчи баскычта каттоодон өтүп, документин тапшыргандар Бишкектен экзамен беришет. Көбүнчө бул экзамен президенттин алдындагы башкаруу академиясында уюштурулат. Окууга өтөм дегендер эссе жазса, тестирлөөдөн өтүп докторантурага тапшырам дегендер менен илимий эмгеги боюнча маектешүү жүрөт. Марттын аягында Кыргызстанда экинчи баскычта экзаменден өткөндөрдүн тизмеси Венгрияга жөнөтүлүп, министрликтин сайтына жайгаштырылат.
Үчүнчү баскычта экинчи турдан тандалган 25 адам Венгриянын ЖОЖдорунда онлайн түрүндө экзамен берип, ийгиликтүү өткөндөрдүн тизмеси министрликке жөнөтүлөт.
Кайсы кесип боюнча бара алышат
Керектүү документтер:
Венгрияда окууну каалагандар төмөнкү документтерди аталган программанын www.stipendiumhungaricum.hu сайтына англис тилинде, ошондой эле КР Билим берүү жана илим министрлигине орус тилинде жиберүүсү керек.
Мотивациялык кат;
Аттестат же диплом;
Арыз;
Өмүр баян;
Чет тилди билгендиги тууралуу сертификат;
3х4 форматындагы сүрөт;
Медициналык маалымдама;
Чет элдик паспорттун көчүрмөсү.
Окууга өткөндөргө кандай шарттар каралган?
Сынактан өткөн жарандар бекер окуп, жатакана менен медициналык камсыздандырууга ээ болот. Андан сырткары, бакалавр жана магистратурада окугандарга ай сайын 130 евронун жана докторанттарга 450 евронун тегерегинде стипендия төлөнөт.
Сынак жеңүүчүсүнүн эл аралык транспорттук чыгымдары төлөнөт.