Кыргызстандыктар Сочидеги Олимпиада багында өтө турган мелдешке чакырылды

Фестивалда спорттун футбол, хоккей, керлинг, лыжа тебүү жана триатлон түрлөрү боюнча мелдештер болот
Sputnik

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Россиянын Сочи шаарында "Байкал спорттук оюндары" аталышындагы фестиваль өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Спорттук мелдештер 17-27-февраль күндөрү "Олимпиада быгында" (Сочи шаарында өткөн кышкы Олимпиаданын объектиси — ред.) жана "Чемпиондор планетасында" өтөт.

Олимпиаданын ачылышында эки Кореянын спортчулары бир желектин алдында чыкмай болду
Иш-чаранын ачылыш аземи 17-февраль күнү Байкал көлүнүн жээгинде Листвянка айылында болот.

Фестивалда спортчулар футбол, хоккей, керлинг, флорбол, волейбол, баскетбол, гандбол, бадминтон, гимнастика, веломарафон, лыжа тебүү жана триатлон түрлөрү боюнча мелдешмекчи.

Мындан тышкары, экиден аз эмес балдары бар үй-бүлөлөр ортосунда марафон уюштурулат.

Жеңүүчүлөр кубок жана жагымдуу белектер менен сыйланат.

Мелдештин жол-жобосу менен агенттиктин расмий сайтынан таанышса болот. http://www.sport.gov.kg/public/images/file_library/201801171059426.pdf