Кол алдында иштегендерди ал жакын санап "менин балдарым" деп атайт. Айрыкча жаш куткаруучуларды аяганын жашырбайт, алар 18 жашында аябай оор жагдайларга аргасыз күбө болушат.
— Өз жаштыгыңыздан эскерсеңиз.
— Ош облусундагы Зергер айылында туулгам. Атам совхоздун директорлугун аркалачу, абдан катаал киши. Окуучу кезимде мени тоют цехине ишке киргизген. Кара жумуш эле: таңгак чөптөрдү ташып, уйга, койго чөп салчумун.
Жаштык менен атама "уулун башка жакшыраак жерге орноштурса болбойт беле?" деп капа болчумун. Азыр ойлосом, бул тарбиянын эң мыкты үлгүсү болгон экен. Андан кийин армияда кызмат өтөп, университетте окудум.
— Борборго Фрунзе политехникалык институтунун инженер-куруучу адистиги боюнча тапшырууга келипсиз. Жеңил эле болду беле?
Тил көйгөйү да сезилерлик эле, университетте бардык сабактар орус тилинде өтөт, ал эми бизде – айылда орус жана англис тили боюнча мугалимдер шаардан келет, бир аз иштегенден кийин эле декретке чыгып кетишчү.
Бирок биз үчүн окуудан чыгарылып айылга кайтуудан өткөн уят жок эле. Ошондуктан тырыша окуп, экинчи курста тыңып кеттик.
— Эмнеге куруучу болуп иштеген жоксуз?
— "Фрунзестрой" бирикмесинде таш тизгич болуп бир аз иштедим, бирок кийин СССР ураганда жумуш да токтоду. Анда "бизнес" деген эмне түшүнүк экенин деле эч ким билчү эмес. Бизнесмендерди "алып сатар" деп атап коюшчу. Бирок үй-бүлөнү багуу зарыл. Үч дос болуп пахта сатуучу чакан ишкана ачканбыз. Беш жыл ошол иш менен алектендим. Кийин мени Өзгөчө кырдаалдар министрлигине чакырып калышты, ошондон тарта, 15 жылдан бери ушул тармактамын.
— Кызматтык тепкичтеги кайсы учурду маанилүү деп эсептейсиз?
Ишсиз калганыма моюн сунуп калгам. Бирок мага ӨКМдин аймактык башкармалыгынан орун сунушташты – бул өтө эле төмөндөтүү эле! Ошого карабай макул болдум. Ошентип жолумду кайра башынан баштоого туура келди, бирок ошол ийгиликсиз мезгил мени көп нерсеге үйрөттү.
— Кол алдыңыздагылардын кайсы аракети менен сыймыктанаар элеңиз?
— Менин балдарым аткарган иштердин баары мени сыймыктандырат. Алар өрт өчүрүп, же көчкүдөн адамдарды куткарганда гана баатыр эмес. Кыйын кырдаалга кабылган адамга телефон аркылуу деле көмөктөшүүнүн өзү эле татаал иш, ал үчүн да кандай бекемдик керек.
Коргоо министрлеринин бири "биздин ишке караганда сиздики татаалыраак. Сиздин душмандарыңыз менен тил табышууга мүмкүн эмес" деп айтканы бар. Ооба, биздин душман — жер титирөөлөр, өрт, сел, көчкү. Алар менен күн сайын күрөшөбүз. 2017-жылдын 365 күнүндө 324 өзгөчө жагдай жаралды.
— Алардын кайсынысы эсиңизде сакталып калды?
— Албетте, аба кырсыгы! Ал күн түк эсимден чыкпай калат окшойт. Мага таңкы жетиде чалып, жүк ташуучу учак кулаганын кабарлашты. Алгач кырсыктын кесепети анчалык көп жоготуу алып келери ойго келбеди. Министрликти аркалаган соңку алты жылда учак аралашкан үч кырсыкта курмандык болгон эмес.
Бардык маселелерди чечип коюп, кырсык болгон жерге 9да бардым. Ал жакта менин балдарым улам ар жерден дененин бөлүктөрүн сууруп чыгып жатышты. Азап эле…
Сөөктүн калдыктарынын көптүгүнөн, кийин белгилүү болгондой 39 киши эмес, башта мага жүздөгөн адам набыт болгондой сезилген. Сөөктөрдү эки сааттай чогулттук. Балдарым үчүн ошол маал абдан татаал болгон.
— Кантип чыдашты?
— Бул үрөй учурган окуя эле! Өзгөчө жаш балдарымды аядым, алар көз алдындагы көрүнүштү көтөрө албай эстен танып жатышты. Аларды медиктер улам карап турушту. 2018-жылы куткаруучулар үчүн психологиялык калыптандыруу борборун ачууну пландоодобуз.
— Өз турмушуңузда эмне менен сыймыктанасыз?
Анан да… Мен да адаммын, өмүрлүк жубайым, балдарымдын апасы тууралуу айткым келет. Ага мен көп нерсе үчүн милдеткермин, бул айым менен сыймыктанам.