Казакстанда автобуста күйүп кеткен 52 адамдын тек-жайы четинен такталууда

18-январда Актөбө облусунда 57 жүргүнчү менен бараткан автобустан өрт чыгып 52 адам көз жумган. Каза болгондордун бардыгы өзбекстандыктар экени маалым болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтына Казакстандын Актөбө облусунда күйүп кеткен автобуста каза болгондордун болжолдуу тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

Жээнбеков Актөбөдөгү автокырсыкка байланыштуу Мирзиёевге көңүл айтты
ӨКМдин маалыматына караганда, көз жумгандардын бардыгы Өзбекстандын Наманган облусунун тургундары болгон. Алардын эң улуусу 41, эң кичүүсү 19 жашта экени аныкталды. Тизмеде жалпысынан 29 адам көрсөтүлгөн. Жабыркаган эки адам дагы Наманган облусунун тургундары экени айтылат.

Буга чейин Казакстандын ички иштер министринин орун басары Ерлан Тургумбаев 52 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгы кокустук экенин айткан.

Каргашалуу окуя 18-январь күнү Самара — Шымкент унаа жолунун 1068-чакырымында, Калыбай айылынан 10 чакырым алыстыкта болгон. "Икарус" үлгүсүндөгү автобус жүрүп бара жаткан жеринен өрттөнүп, 57 кишинин бешөө гана аман калган.