Дарыгерлердин айтымында, мындай жол менен баласынан кутулган энелер көп, бирок анын кесепети коркунучтуу экенин баары эле биле бербейт. Жогорку даражадагы врач-гинеколог, акушер, үй-бүлөлүк психолог Гүлзина Мадраимова Sputnik Кыргызстан агенттигине дары менен ишке ашкан аборттун кооптуу жактарына токтолду.
Сактангыла!
Дары-дармек менен бойдон алдыруунун кесепети
Дары менен бойдон алдыруу жеңил угулганы менен башка аборттордой эле кооптуу. Аборт — денеге, ден соолукка зыян келтирүү. Дары-дармек менен бойдон түшүргөндө деле аял физиологиялык жактан да, психологиялык жактан да зыян тартат. Мисалы "мен боюман алдырдым" деген ой ал аялды дайыма коштоп, стресске кабылтат.
Ал эми физиологиялык жактан аборт азыр же эртең болбосо да кийин же жаш өткөндө сөзсүз кедергисин тийгизет. Дары биринчиден күчтүү болуп, башка органдарга туура эмес таасир этет, кан көп кетип аз кандуулукка алып келет. Дары менен бойдон алдырганда төрөгөн сыяктуу эле жатын калыбына келе элек болуп түрдүү инфекциялар кирип кетиши мүмкүн. Эң коркунучтуусу — кийин балалуу боло албай калышыңыз толук мүмкүн. Негизи эле аборт көптөгөн гинекологиялык ооруларга жол ачат. Убакытты аябай дарыгерге көрүнүп, кеңешип туруу зарыл.
Өзүм билемдикке салбагыла
Турмушка чыга электе кокустан боюна бүтүп калгандар дарыгерге да барбай, мындай дарыларды көчөдөн же базардан таап алып баладан кутулууга аракет кылышат. Бул дармектерди дарыгердин көрсөтмөсү жок ичпеш керек. Кокустан туура эмес ичип көп кан кетип калса, ден соолук эмес, өмүрүңөргө коркунуч жаратып алышыңар мүмкүн.