ИИМ: Улан Саляновду өлтүрүүгө шектелген экинчи киши кармалды

Кармалган жаран Токмок шаарынын тургуну экени жана буга чейин бир нече жолу соттолгону аныкталган
Sputnik

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновду өлтүрүүгө шектелген экинчи киши кармалганы тууралуу маалымат ИИМдин сайтына жарыяланды.

Билдирмеге караганда, Кыргызстан менен Россиянын Ички иштер министрликтеринин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин негизинде шектүү Москва шаарынан колго түшкөн.

"А.А. аттуу 35 жаштагы шектүү Токмок шаарынын тургуну экени жана буга чейин бир нече жолу соттолгону маалым болду. Ал Россияда камакка алынды. Эми Кыргызстандын укук коргоо органдары аны экстрадициялоо үчүн Россиянын тийиштүү органдарына материалдарды жөнөтөт", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын январында А.А. аттуу жаран "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча айыпталып эл аралык издөөгө алынган.

Депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновду 6-ноябрь күнү Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы өзүнүн үйүнөн атып кетишкен. Бир айдан ашык убактан кийин негизги шектелүүчү кармалган