"Дөө" каймана аты менен белгилүү кылмыштуу топтун мүчөсү эркиндикке чыкты

Чыңгыз Жумагулов Кылмыш жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча айыпталган
Sputnik

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. ИИМде кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган "Дөө" каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагулов 17-январда эркиндикке чыкты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызмтынын маалымат катчысы Александр Никсдорф билдирди.

Сапар Исаков өлкөдөгү криминал менен күрөштү күчөтүүнү тапшырды
Жумагулов 2016-жылдын апрелинде Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөсүнүн кесилишиндеги атышууга катыштыгы бар деген шек менен июнь айында кармалган. Анда кылмышкерлер Subaru үлгүсүндөгү автоунаадан ок чыгарып, окуя болгон жерден из жашырышкан. Жабыркаган жаран ооруканага жеткирилген.

Никсдорфдун айтымында, Жумагулов 2020-жылы эркиндикке чыгышы керек болчу.

"1981-жылы туулган Чыңгыз Жумагуловду Биринчи Май райондук соту 2017-жылы 6-январда 18 жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле жылы Бишкек шаардык соту буга чейинки инстанциянын чечимин өзгөртүп, айыпкерди 13 жылга кескен. Декабрь айында Жогорку сот ишти карап буга чейинки чечимди жокко чыгарып, айыпталуучуну 7 жылга эркинен ажыраткан", — деди Никсдорф.

Ал ошондой эле Жумагулов 2016-жылы 8-июнда кармалганын айтып, анын жаза өтөө мөөнөтү дал ошол маалдан тарта эсептелгенин кошумчалады. Убактылуу кармоо жайында отурган ар бир күнү эки күн деп саналган. Андан сырткары, 2016-жылдын 1-августунда ага карата мунапыс колдонулуп, жаза өтөө мөөнөтү 1 жыл 3 айга кыскартылган. Ошентип ал жазасын 2020-жылдын сентябрь айында өтөп бүтмөк.

Сузакта аялдын колу-бутун байлап, алтын буюмдарын чечип кеткендер кармалды
"Январдын башында Жумагуловду шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу өтүнүчү келтирилген. Ошентип 2016-жылдын 1-августунда колдонулган мунапысты эске алганда ал мөөнөтүнүн жарымын өтөп бүткөн", — деди Никсдорф.

2018-жылдын 16-январында сот болуп, судья Жумагуловду шарттуу мөөнөтүнөн мурда суранычынын канааттандырып, 17-январда ал эркиндикке чыккан.

Чыңгыз Жумагулов КР Кылмыш жаза кодексинин бир нече беренелери — "Кылмыштуу топ уюштурган", "Бейбашчылык", "Курал-жаракты сатып алуу жана алып жүрүү" боюнча айыпталган.

Ал 2017-жылдын 6-январында соттолгондуктан эски Кылмыш кодексинин нормалары колдонулган.