Борбор калаада "Музыканын жаралышы" балдарды чакырат

Концерттик программа Gооgle издөө программасынан эң сонун обон катары изделген музыкалардан түзүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. "Балдар филармониясы" быйылкы концерттик программасын "Музыканын жаралышы" деп аталган иш-чарасы менен ачмакчы. Бул туурасында Роза Отунбаеванын эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Элеттик окуучуларга Бишкекте маданий экскурсия уюштурулду
Программа жаш угармандарга багытталган.

Концерттик программа Gооgle издөө прорграммасынан эң сонун обон катары изделген музыкалардан түзүлгөн.

"Программаны алып баруучу музыка таануучу Алтынай Абетекова обондор кайдан жаралгандыгын, "музыка" сөзүнүн келип чыгышы жана ал эмнени билдире тургандыгын айтып бермекчи.

"Музыканын жаралышы" 26-январда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын кичи залында да өтөт.