52 жүргүнчүсү менен өрттөнүп кеткен автобус. Кырсыктын чоо-жайы айтылды

Кырсыктан эки айдоочуну кошкондо беш киши аман калган. Унаа башкарып бараткандар Казакстандын жарандары экени такталды.
Sputnik

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. 52 кишинин өмүрүн алган автобустагы өрт алдын ала жыйынтык боюнча электр зымдарынын тийишүүсүнөн чыккан. Бул тууралуу Актөбө облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалыматына таянып Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Эскерте кетсек, каргаша бүгүн, 18-январь күнү саат 10.30да Самара — Шымкент унаа жолунун 1068-чакырымында, тагыраагы Калыбай айылынан 10 чакырым алыстыкта болгон. "Икарус" үлгүсүндөгү автобус жүрүп бара жаткан жеринен өрттөнгөн.

Актөбө облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаментинин маалымат кызматынын өкүлү Виталий Синевдин айтымында, автобустагы эл чыга турган капталдагы эшик ачылбай калган.

"Автобус токтоп, айдоочулар сыртка чыгып кеткен. Ал эми эл чыга турган эшик ачылбай калган", — деди ал.

Актөбөдө өрттөнгөн автобус айдоочуларынын жарандыгы аныкталды
Мындан тышкары, автобус ири өлчөмдөгү күйүүчү май алып баратканы, өрт ошол себептен тез жайылып кетти деген божомол да айтылууда.

Ал эми бейрасмий маалымат боюнча автобустун ичи эл ташуудан башка иштерге да ылайыкталып жасалгандыктан жүргүнчүлөр терезеден чыга албай калышы ыктымал.

Мерт болгон 52 жүргүнчүнүн баары Өзбекстандын жарандары болгон. Кырсыктан эки айдоочуну кошкондо беш киши аман калган. Унаа башкарып бараткандар Казакстандын жарандары экени такталды.