Өткөн жылдын 24-ноябрында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап, дал ошол күнү мамлекеттин азыркы башчысы Сооронбай Жээнбеков элге ант берген.
Бирок акыркы кезде социалдык медиада Атамбаевдин бийликке Жогорку Кеңештин спикери же премьер-министр болуп кайта турганы жөнүндө кептер көбөйдү. Эски президенттин өлкөнүн жогорку кызматтарынын бирине отурары мүмкүнбү деген суроону Sputnik Кыргызстан серепчилерге узатып көрдү.
Мыйзам тилинде
Атамбаев өзү эмне деген?
Өткөн жылдын февралында Атамбаев саясаттан четтебей турганын жарыялаган. Жазында болсо президенттик мөөнөтү аяктаганда эч кандай саясий жогорку кызматты, анын ичинде премьерликти же спикерликти аркалабастыгын билдирген.
Мамлекеттин агездеги башчысы партиялык иштер менен алектенүүгө ниеттенгендигин айтканы бар. Өзүнүн жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Атамбаев парламенттик шайлоого катышарын, бирок мандаттан баш тартарын кыйыткан.
Бейрасмий кеңешчилик
Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов Атамбаев эч кандай кызматка кызыкпастыгын, кеңешчи катары гана, болгондо да бейрасмий түрдө гана бул вазыйпаны колго аларын айтканын белгиледи.
"Анын тажрыйбасы, стратегиялык өнөктөштөр менен калыпка салынган байланышы бар. Ал билгени жана тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр", — деди Бактыгулов.
Анын айтымында, Атамбаевдин экс-президент жана абалкы "Алга, Кыргызстан" же "Ата-Журт" партияларына караганда туруктуулугу менен айырмаланган СДПКнын лидери катары саясий процесстерге таасири күч болот.
Серепчинин пикиринде, Атамбаев буга дейре эки ирет премьер-министр болуп иштеген, ал мындай бийиктикти багындырган, андыктан, ал жогорку кызматтарды ээлөөгө ашыгарынан күмөнсүйт. Ошондой эле ал мындай кептер саясий күрөштөн улам тарады деп болжойт.
Баары Сапар Исаковдон көз каранды
Атамбаев жылдызы жанып турган маалында кетти, президенттик жылдарында жакшы жыйынтыктарды жарата алды. Булардын баары аны саясаттан обочолонтпойт деп эсептейт саясат таануучу Алмаз Акматалиев.
Анын айтымында, зарыл шарттарда Атамбаев СДПК аркылуу Жогорку Кеңешти таратууну демилгелей алат. Бирок ага караганда Атамбаевдин премьер-министрлик кызматка келиши реалдуу деп санайт.
"Эгер азыркы өкмөт ишти ийгиликтүү алып кете алса, анда орчундуу өзгөрүүлөр күтүлбөйт. Жыйынтык чыкпаса, анда кризис башталат, ал өз кезегинде Жогорку Кеңештин нааразычылыгын жаратат. Мурдагы президент антикризистик менеджер болуп, өлкөнү бириктире алат. Бирок дагы бир ирет кайталайын, баары өкмөттөн көз каранды", — деп кошумчалады Акматалиев.
Калк каймактарына жараша
Саясат таануучу Аида Алымбаева 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Атамбаев ЖК депутаттыгына талапкер катары ат салышпагандыгы үчүн азыркы чакырылышка төрагалык кыла албайт.
"Менимче, Жогорку Кеңеш таратылбайт, себеби, мыйзам чыгаруучу орган учурда бийликти толук канааттандырат. Парламент лоялдуу, аны таркатууга мен эч кандай негиз көргөн жокмун", — деп белгиледи ал.
Серепчи экс-президент өлкөдөгү саясий процесстерге таасирин жоготпоо үчүн өкмөт башчы болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
Саясий серепчи Атамбаев 2020-жылга пландалган Жогорку Кеңешке шайлоого даярдык көрүшү мүмкүн деп ойлойт.