Жума аягына чейин аба ырайы кандай өзгөрөт? ӨКМдин божомолу

Жалпысынан 21-январга чейинки аба ырайынын божомолу жарыяланды
Sputnik

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жума аягына чейин өлкө аймагында аба ырайы кандай өзгөрөрүн маалымдады.

Ага ылайык, 16-январдан 19-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, күрткү күтүлөт.

Андан сырктары, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолундагы Чапчыма ашуусу, Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-4- чакырымдарында, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150-чакырымдарында дагы кар көчкү түшүү коркунучу жогору.

17-январда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаап, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлерине кар түшөт.

Ысык-Көлдүн чыгышына белден кар жаады. Сүрөттөр
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетиши мүмкүн.

18-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаап, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

19-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-январда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондоруна кар түшүп, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.

21-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаап, ал эми калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын ыктымалдыгы жок. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Бишкек шаарында 17-январда ала булут каптайт. 18-19-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош шаарында 17-январда бир аз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. 18-январда түнкүсүн кар жаап, күндүз жана 19-январда жаан-чачын күтүлбөйт.