Sputnik Кыргызстан агенттиги Дача СУдагы жүк ташуучу учак кулаган жайдын азыркы көрүнүшүн тартып келди. Апаат болгон жайдан өйдөрөөк, айылдын башына каза болгондордун элесине арналган мемориалдык комплекс ачылган. Ал эми каргаша болгон жердин чок ортосун сейил бакка айландыруу пландалууда.
Айылдын көпчүлүк тургундары кырсыктан кийин башка жакка деле көчүп кетишкен эмес. Себеби каргашалуу окуядан кийин Дача СУдагы үйлөрдүн баасы кескин төмөндөгөн. Ага чейин бул жердеги үйлөр 15 миң доллардын тегерегине бааланса, азыр 5 миң долларга алчу кардар табылбайт.
2017-жылдын 16-январында "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача СУ айылына таңга жуук жүк ташуучу Boeing-747 учагы кулап, 39 кишинин өмүрүн алган.
Андан бери жыл өтсө да апаат Дача СУ айылынын тургундарын бириктирмек тургай, эки жаатка бөлгөн. Эмнеге мындай болгонун Sputnik маалымат агенттигинин материалынан окуңуздар>>