Ысык-Көлдүн чыгышына белден кар жаады. Сүрөттөр

Аймакта кар 16-январга жейин жаашы күтүлүүдө
Sputnik

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Аксу районунун тоолуу аймактарына бир нече күндөн бери тынбай жааган кардын калыңдыгы бир метрге жетип калганын Жыргалаң айылынын тургуну Кайрат Дөргөев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, кар 12-январдан бери жаап жатат.

1 / 2
Ысык-Көл облусунун Аксу районунун тоолуу аймактарына бир нече күндөн бери тынбай жааган кардын калыңдыгы бир метрге жетип калды
2 / 2
Кар 12-январдан бери жаап жатат.

"Январь айынын ондоруна чейин кар мурдагы жылдарга салыштырмалуу азырак болчу. Бирок азыр калыңдыгы бир метрге чукулдап калды", — деди Дөргөев.

Бишкек — Ош жолундагы кар көчкү атып түшүрүлөт
Ал ошондой эле электр жарыгы, байланыш, жолдор боюнча көйгөй туулбаганын кошумчалады.

Кыргызгидрометтин Каракол шаардык гидрометеорология борборунан билдиришкендей, шаардын айланасында жана тоодон алыс жайгашкан жерлерде кар анча калың эмес.

Мындан тышкары, бул аймакта 16-январга чейин кар жаашы күтүлүп жатканын кошумчалашты.