Апта ирмеми: тоңуп калган шаркыратмадан самба бийчилерине чейин

Sputnik

Бишкектеги "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача СУ айылына жүк ташуучу Boeing 747 учагынын кыйрашынан каза болгондордун жаркын элесине арналып мемориал комплекси ачылды.

Венесуэланын тургундары азык-түлүк каатчылыгын баштан өткөрүп жатат.

Боздогон энелер, үзүлгөн үмүт, эстелик... Учак кырсыгынан каза болгондор эскерилди
Белгилүү Ниагар шаркыратмасы тоңуп калып, катуу суукка туристтерди ого бетер өзүнө тартууда.

Чилинин Сантьяго шаарында эл аралык театр фестивалы өттү.

Калифорниянын түштүгүндө катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, 17 киши каза болуп, сегиз киши дайынсыз.

Гаитиде сегиз жыл мурда болгон катуу жер титирөөдөн каза болгондор эскерилди.

Рио-де-Жанейро (Бразилия) шаарында көчө самба парады өттү.

Япониянын Токио шаарында жаңы автоунаалардын жыл сайын болуучу көргөзмөсү өттү.

1 / 20
Каракас (Венесуэла) шаарындагы супермаркеттердин биринде соода кылган кары адам
2 / 20
Канаданын Онтария провинциясындагы Ниагар шаркыратмасы адаттан тыш сууктан улам тоңуп калды
3 / 20
Бхактапурдагы (Непал) кыш заводунуну жумушчусу
4 / 20
Сириялык түгөйлөр Дамаск аймагындагы Сакба шаарына жасалган аба соккудан каза болгон балдарын колуна алып отурушат
5 / 20
Новосибирск (Россия) шаарында чана чегилген иттердин жарышуусу болду
6 / 20
Сантьяго (Чили) шаарында эл аралык театр фестивалына катышкандар
7 / 20
Калифорниянын түштүгүндө нөшөрлөп жааган жамгырдан сел жүрүп, 17 киши каза болуп, сегиз киши дайынсыз
8 / 20
Гаитиде сегиз жыл мурда болгон ири жер титирөөдөн каза болгондор эскерилди. 2010-жылы 12-январдагы зилзала 200 миңден ашуун кишинин өмүрүн алган
9 / 20
Рио-де-Жанейродогу самба боюнча көчө парады
10 / 20
Байкал (Россия) көлүндөгү таңдын атышы
11 / 20
Москвадагы "Коломна" борборунда өткөн коньки менен чуркоо боюнча Европа чемпионатына катышкан нидерланддык спортчулар
12 / 20
"Манас" аэропортунун жанындагы Дача СУ айылына 2016-жылы 16-январда жүк ташуучу Boeing 747 учагы кулап, 39 кишинин өмүрүн алган. Алардын жаркын элесине арналып мемориал ачылды
13 / 20
Сеулдагы үйлөрдүн жылуу куурларынан чыккан буу
14 / 20
Кытайдын Хэнань провинциясындагы коруктагы макака маймылдары сүрөтчүнүн камерасын карап жатышат
15 / 20
Кытайлык атлет Лай-Чи-Вай майыптар коляскасы менен Гонконгдогу аскага чыгууда
16 / 20
Ходейда (Йемен) шаарынын чет жакасындагы таштанды жайындагы бала. Ал эшегин минип алып чогулткан таштандыларын кайра иштетүүчү жайга алып баратат
17 / 20
Versace мода үйү күз/кыш 2018-2018 коллекциясын көрсөттү. Милан, Италия
18 / 20
Грециянын Афина шаарында демонстранттар парламенттин имаратына кирүүгө аракет кылууда. Алар каршылык акцияларына чыгуу эркиндигин чектеген мыйзам долбоорлоруна каршы чыгышкан
19 / 20
Калькутта (Индия) шаарынын базарында колго жасалган сүлгү саткан сатуучу
20 / 20
Токиодогу жаңы автоунаалардын көргөзмөсү. Сүрөттө RE Amemiya FD3S RX-7 үлгүсүндөгү автоунаа