БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Казакстандын Усть-Каменогорск шаарынын тургуну Елена менен Андрей Назаровдор өз үйүн карылар үчүн пансионат кылып жасашты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.
Пансионат 2014-жылы ачылган, ал медициналык мекеме болуп саналбайт. Бул жерде социалдык-тиричилик кызматы гана көрсөтүлөт. Дарыгер анын жардамы керек болгон учурда гана чакыртылат.
Жубайлар алгач бир-эки гана кары адамды кабыл алып, аларга жардам беришкен. Бирок бул жакка келүүнү каалагандардын саны көп болгондуктан Назаровдор кызынын үйүнө да атайын бөлүмчө ачышкан. Кийин үйдү жашы улууларга ылайыктап кеңейтишип, мончо, ашкана курушкан.
Учурда бул жайда 34 киши жашайт. Алардын 13үнүн саламаттыгы жайында болсо, 21 киши оорулуу болгондуктан кароого муктаж. Бул жерде жашагандардын көбү 80 жаштан өткөндөр.