БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкектеги "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн (ЦУМ) сатуучулары смартфондордун баасын кымбаттатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине окурмандар билдирди.
Ошондой эле редакцияга дагы "Apple компаниясынын телефондору чындап эле кымбаттап жатабы" деген суроо менен бир нече жаран кайрылды.
"Бүгүн ЦУМга баргам. Сатуучулар iPhone телефонунун баасы болжол менен 45 долларга кымбаттаганын айтышты. Мындай кымбаттоону ЕАЭБде Бажы кодексинин күчүнө кириши менен түшүндүрүштү", — деди окурмандардын бири.
"Эртең, бүрсүгүндөрдөн iPhone телефонунун баасы сезилерлик эле кымбаттай турганын айтышты. Сатуучулар Дубайда техникалык продукцияларга болгон кошумча нарк салыгынын кымбатташына байланыштуу деп жатышат", — деди окурман.
Ал эми экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков телефондордун кымбатташы ЕАЭБге байланыштуу эместигин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Ал ошондой эле эгер баалар Бажы кодексинин айрым пункттары боюнча кымбаттай турган болсо, импорттолгон бардык товарлар кымбатташы керек эле деп кошумчалады.
"Кымбаттоонун ЕАЭБдин Бажы кодексине эч кандай тиешеси жок. Бул документтен тышкары импорттолгон телефондорго таасир бере турчу эч нерсе күчүнө кирген жок. Эгер телефондун баалары чындап эле көтөрүлсө, аларга башка факторлор таасир берген", — деди Сазбаков.
Борбор калаада Apple компаниясынын продукцияларын саткан ишкерлердин бири абал боюнча пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
"Балким бул Дубайда телефондун таңкыстыгына байланыштуу болушу ыктымал. Жаңы жыл алдында бардыгын сатып алышты, жаңы продукция рынокко чыга элек. Кампаларда аз эле телефон бар, айфон бардыгына жетпейт, талап да күчтүү. Андыктан баалар атайылап көтөрүлүп жатат. Корко турчу деле эч нерсе жок. Мындай нерсе жыл сайын эле болот", — деди ишкер.
"Евразиялыктар — жаңы толкун" фондунун өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары Денис Бердаков болсо бажы алымдары жаатында телефондордун баасына таасир берүүчү эч нерсе өзгөрбөгөнүн айтып, айрым соодагерлер бааны атайылап көтөрүүгө аракет кылып жатканын кошумчалады.
Ал ошондой эле Apple компаниясынын продукциялары Бириккен Араб эмирлигинде КМШ мамлекеттерине салыштырмалуу бир топ арзан турарын белгиледи. Буга чейин айрым жеткирүүчүлөр Дубайдан алган телефондорду Кыргызстанга көмүскө түрдө алып кирип, тийиштүү деңгээлде документтерди толтурбай аны Бишкектен кымбат сатып келишкен.
"Азыр ЕАЭБдин эрежелери күчүнө кирип жатат, көмүскө түрдө товарларды алып келүү дээрлик мүмкүн болбой калат. Андыктан товар жеткирүүчүлөр бааны атайылап көтөрүп жатат", — деди ал.
ЕАЭБдин Бажы кодекси 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген.