Дача Су айылынын учак кулаган жеринде мемориал ачылды. Сүрөттөр

Каргашадан каза тапкан 39 адамдын ат-жөнү ташка чегилген
Sputnik

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бир жыл мурун Boeing 747 учагы кулаган Дача Су айылында каза болгондордун элесине арналган мемориалдык комплекс ачылды.

1 / 8
Бир жыл мурун Boeing 747 учагы кулаган Дача Су айылында каза болгондордун элесине арналган мемориалдык комплекс ачылды.
2 / 8
Иш-чара ишемби күнү өтүп, ага президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев, өкмөт мүчөлөрү жана каза болгондордун жакындары менен айыл тургундары катышты.
3 / 8
Соңунда куран окулуп, эстеликке гүл коюлду.
4 / 8
Эскерте кетсек, апаат 2017-жылы 16-январь күнү "Манас" аэропортуна жакын жерде болгон.
5 / 8
Натыйжада 39 адам каза тапкан, анын төртөө экипаж мүчөлөрү болгон.
6 / 8
Айылдын 15 тургуну ар кыл жаракат алган.
7 / 8
Дача Су айылында каза болгондордун элесине арналган мемориалдык комплекс ачылды.
8 / 8
Дача Су айылында каза болгондордун элесине арналган мемориалдык комплекс ачылды.

Иш-чара ишемби күнү өтүп, ага президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев, өкмөт мүчөлөрү жана каза болгондордун жакындары менен айыл тургундары катышты. Монументте каргашадан мерт кеткендердин аты-жөнү чегилип, учактын сыныгы чагылдырылган.

Соңунда куран окулуп, эстеликке гүл коюлду.

Караанына зар болдук! Авиакырсыктан жакындарын жоготкондордун азыркы жашоосу
Эскерте кетсек, апаат 2017-жылы 16-январь күнү "Манас" аэропортуна жакын жерде болгон. Натыйжада 39 адам каза тапкан, анын төртөө экипаж мүчөлөрү болгон. Айылдын 15 тургуну ар кыл жаракат алган.

Кийинчерээк Boeing Гонконг — Стамбул каттамы менен учуп баратканы белгилүү болгон. Бишкекке май куюу үчүн конмок. ACT Airlines компаниясына таандык учак Turkish Airlines тарабынан ижарага алынган. Учурда бардык каза болгон адамдардын жакындары менен жабыркагандарга компенсация төлөнүп бүткөн.