Бишкектеги Тарых музейи качан ачылары белгилүү болду

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тарых музейин оңдоо иштери менен жеринде таанышты
Sputnik

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Борбор калаадагы Мамлекеттик тарых музейи март айында ачылат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун аталган жайдын оңдоо иштери менен жеринде таанышуу учурунда айтылганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

1 / 5
Борбор калаадагы Мамлекеттик тарых музейи март айында ачылат
2 / 5
Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун аталган жайдын оңдоо иштери менен жеринде таанышуу учурунда айтылганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди
3 / 5
Музейди оңдоо иштеринин жүрүшү менен этникалык, дин саясаты жана жарандык коом менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов жана музейдин директору Анара Исиралиева тааныштырды
4 / 5
Президент өз кезегинде музейдин экспозициясын тийиштүү экспонаттар менен толуктоо керектигин айтты
5 / 5
Белгилей кетсек, Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо долбоорун Түркиянын ТИКА уюму каржылап жатат.

Музейди оңдоо иштеринин жүрүшү менен этникалык, дин саясаты жана жарандык коом менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов жана музейдин директору Анара Исиралиева тааныштырды.

Тарых музейинин реконструкциядан кийинки көрүнүшү. 3D-видео
Президент өз кезегинде музейдин экспозициясын тийиштүү экспонаттар менен толуктоо керектигин айтты.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо долбоорун Түркиянын ТИКА уюму каржылап жатат. Аны оңдоо иштери 2016-жылы 25-мартта башталган.

Музейди реконструкциялоо иштерине 270 миллион сом сарпталары айтылган. Мында имараттын түндүк, батыш жана чыгыш жагы айнектелип, сигнализация, лифт жана эскалатор орнотулмакчы.

2017-жылы КР президентинин тарых илимин өнүктүрүү комиссиясы музейге тематикалык жаңы экспозиция коюу концепциясын жактырган. Андан сырткары, Россиянын музейлериндеги экспонаттардын көчүрмөсү жасатылган.