БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Борбор калаанын мэриясы Чүй облусунун Кемин районунан келген мектеп окуучулары үчүн Бишкек шаарында маданий иш-чараларды уюштурду. Бул туурасында мэриянын билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.
Бул иш-чара мэриянын колдоосунда "Жаш карек — Кыргызстан балдардын көзү менен алганда" деп аталган долбоордун алкагында өттү. Анда элеттик балдарды шаардын, ал эми шаардагы балдарды айылдын маданияты менен тааныштыруу максаты коюлган. Андан сырткары, мекенчилдикке тарбиялап, Кыргызстандын географиясы менен тарыхы менен тааныштырат.
2014-жылдан борбор калаадагы окуучулар Токмок, Нарын, Кара-Балта аймактарына барса, Кемин, Сокулук, Кочкор жана Панфилов райондорунун окуучулары Бишкекке келип кеткен. Учурда Чүй облусунун Кант шаары менен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарларынын бул багытта кызматташуусу пландалууда.