Караколдогу массалык мушташтын катышуучулары коомдук жумушка тартылып жаза өтөйт

Мушташ боюнча КРдин Административдик кодексинин 364-беренеси (Майда бейбаштык) менен кылмыш ишин козголгон
Sputnik

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Каракол шаарындагы массалык мушташка катышкандарга 1,5 миң сомдон айып салынып, коомдук жумушка тартылганын Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, 5-январь күнү Каракол шаарындагы ижарага лыжа берген жайлардын биринде кожоюндар менен белгисиз адамдардын ортосунда мушташ чыгып, окуя видео көзөмөлгө түшүп калган.

"Бүгүн, 12-январда, Каракол шаардык соту милициянын материалдарын карап чыгып, мушташтын катышуучуларына 1,5 миң сомдон айып салды. Ошондой эле ар бири сегиз саттан коомдук иштерге милдеттендирилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факты боюнча КРдин Административдик кодексинин 364-беренеси (Майда бейбаштык) менен кылмыш ишин козгогон.