БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Эки жашар бөбөк Саша Риппти дарылоо аяктады. Бул туурасында баланын атасы Антон Рипп социалдык тармакка жазды.
Жакшы кабарды ал "Спасти рядового Саньку” деп аталган Facebook топко жайгаштырган.
“Жаңы жыл керемет менен башталды. Силерсиз колубуздан эч нерсе келмек эмес. Дарылоо аягына чыкты! Өзүбүзгө эми гана келип баштадык. Ар бириңиздерге көңүл бөлө албаганыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Баарыңыздарды чоң бир үй-бүлөгө, биздин бүлөгө бириктирип жатабыз!", — деп жазган Рипп.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Антон Рипп уулу Саша менен Түштүк Кореядан 8-январда кайтып келгендигин айтып, мекендештерге ыраазылыгын билдирди.
Дарыгерлер кыргызстандык бөбөк Саша Рипп өтө залалдуу шишикке кабылганын айтып, рак деген диагноз койгон. Баланын Кореяда операция болушуна 337 миң доллар зарыл болуп, акырында бул акча кайдыгер карабаган кыргызстандык жарандардын жардамы менен чогулган.