Жалал-Абадда жүргүнчү ташыган унаа кырсыкка учурап бир адам каза болду

Окуя 10-январь күнү саат 18:00дөр чамасында Сузак районундагы Ынтымак айылында болгон
Sputnik

ЖАЛАЛ-АБАД, 11-янв. — Sputnik. Сузак районунун Ынтымак айылында Mersedes Benz жана Matiz унаалары кагышып, бир жүргүнчү каза болду, мындан тышкары, төрт адам ооруканада оор абалда жатат. Бул маалыматты облустук милициядан тастыкташты.

1 / 4
Сузак районунун Ынтымак айылында Mersedes Benz жана Matiz унаалары кагышып, бир жүргүнчү каза болду, мындан тышкары, төрт адам ооруканада оор абалда жатат
2 / 4
Маалыматка ылайык, окуя 10-январь күнү саат 18:00дөр чамасында катталган
3 / 4
Жалал-Абад — Октябрь" багытындагы жүргүнчү ташуучу Mersedes Benz унаасы менен Matiz унаасы Ынтымак айылынын Көгарт көчөсүндө кагылышып кеткен
4 / 4
Кырсыктын кесепетинен 5 адам ооруканага кайрылган.

Маалыматка ылайык, окуя 10-январь күнү саат 18:00дөр чамасында катталган.

"Жалал-Абад — Октябрь" багытындагы жүргүнчү ташуучу Mersedes Benz унаасы менен Matiz унаасы Ынтымак айылынын Көгарт көчөсүндө кагылышып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 5 адам ооруканага кайрылган", — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте эки кызды унаа коюп кетти
Облустук клиникалык ооруканасынын директору Жаныбек Карабаев аталган ооруканага жалпы алты адам келип түшкөнүн, аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндүгүн билдирди.

"38 жаштагы киши ооруканада каза болду. Үч жүргүнчү жандандыруу бөлүмүндө болсо, эки жүргүнчү нейрохирургия бөлүмүндө жатат. Учурда абалдары оор", — деди Карабаев.

Облустук милиция учурда кырсыктын келип чыгуу себеби иликтөөгө алынып, тиешелүү экспертиза дайындалгандыгын кошумчалады.