Радио

Бекешев: Ысык-Көлдө баары эле кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө "отметка" берип жатат

КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев кылмышкерлердин үстүнөн эч ким арыз жазбай жатканын, анткени арыз жазгандардын имараттары өрттөлүшү мүмкүн экендигин айтты.
Sputnik
Бекешев: Ысык-Көлдө баары эле кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө "отметка" берип жатат

Ысык-Көлдө баары эле кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө "отметка" берип жатат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Эске сала кетсек, өткөн аптада Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жайгашкан "Осьминог" рестораны өрттөнүп кеткен.

"Бостериде бир кафе күйдү. Буга чейин кафенин ээсине кылмыштуу топтон мүчөлөрү тарабынан кысым болгон экен. Анан арыз жазган, бирок кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жазалоонун ордуна чыгарып жиберишкен. Азыр эч ким кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө арыз жазбайт. Анткени алар эртели кеч өрттөп кетет да. Эч кимге сыр эмес, баары эле ошол кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө "отметка" берип жатат. Бул маселени көз жаздымда калтырууга болбойт. Алар мамлекеттин күчүн текшерип жатышат", — деди Бекешев.

Эл өкүлү аталган маселеге УКМКдагы кийлигишиши керек экендигин кошумчалады.