Бишкек шаарынын 72 көчөсүнө заманбап чырактар коюлат

"Бишкек шаарынын жолдорун жакшыртуу" программасынын алкагында 18 көчөнүн жарыктандыруусу толук оңдоодон өтөт
Sputnik

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Борбор калаанын 72 көчөсүнө заманбап чырактар коюла турганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бишкектин көчөлөрүндөгү муз тоңгон жазы жол тоскоолдуктары алынбайт
Ага ылайык, быйылкы жылдын биринчи жана экинчи кварталында Бишкек шаарындагы калктуу конуштар менен кичи райондордун 72 көчөсүнө 4 миң заманбап чырак орнотулат. Андан сырткары, "Бишкек шаарынын жолдорун жакшыртуу" программасынын алкагында 18 көчөнүн жарыктандыруусу толук оңдоодон өтөт.

Кайсы көчөлөргө заманбап чырактар коюларын мэриянын расмий сайтынан билсеңиз болот.