Казино кайра ачылса экономикага пайдасы тиет. Бул тууралуу Санжар Муканбетов парламентте сүйлөп жатып билдирди.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш вице-премьерликке Санжар Муканбетовдун талапкерлигин жактырды.
Ал эми талкуу учурунда "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эмил Токтошев "казино ачуу керекпи?" деген суроо узатты.
"Өкмөт — аткаруу бийлиги. Андыктан мыйзам боюнча гана иштейбиз. Ал эми казиного мыйзамда тыюу салынган. Бул маселе боюнча саясий чечим кабыл алынган", — деди Муканбетов.
Ал эми депутаттын "казинону кайра ачса экономикага пайдасы тиеби?" деген суроосуна "Тиет. Өзүнүн экономикалык багыты бар" деп жооп берди Муканбетов.