Кыргызстанда "Биринчи жардамды" смартфонго жүктөп алууга болот

Тиркемеде дарыгерлер келгиче жардам көрсөтүүнүн ыкмалары менен эрежелери жазылган
Sputnik

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Кыргызстандыктар уюлдук аппаратына "Биринчи жардам" мобилдик тиркемесин жүктөй алышат. Бул тууралуу Кызыл жарым ай коомунан билдиришти.

Создуктурбастан "Тез жардам" чакырууга 14 себеп
Тиркеме уюм тарабынан иштелип чыгып, Android жана IOS платформалары үчүн Кыргызстандын аймагында бекер болот.

Кызыл жарым ай коомунан белгилешкендей, жашоодо өзгөчө кырдаалдар, кырсыктар болуп турат. Андан жабыркагандарга дарыгерге чейинки биринчи туура жардам көрсөтүлсө канчалаган адамдын өмүрү сакталмак.

Тиркемеде дарыгерлер келгиче жардам көрсөтүүнүн ыкмалары менен эрежелери жазылган.

"Биринчи жардам" негизги төрт бөлүктөн турат:

Үйрөнүңүз;

Даярданыңыз;

Өзгөчө кырдаалдар;

Тесттер.

Ошондой эле аталган тиркемеде өзгөчө кырдаал жаралган учурда жардам чакыруучу автоматтык кнопка жайгаштырылган.