Социалдык тармактарда борбор калаанын абасынын булганышы боюнча нааразычылыктарын билдирип жаткандар арбын. Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн.
Көйгөй боюнча премьер-министр Сапар Исаков Бишкек ТЭЦинин ишин карап чыгууну тапшырган. Улуттук энергохолдинг Бишкекти каптаган түтүнгө ТЭЦ күнөөлүү эмес экенин айтып чыкты.
Ар ортодо экологдор Бишкектеги башамаман курулуштарга жол берген шаар мэриясын сынга алган. Алардын пикиринде, көзөмөлсүз түшүп жаткан курулуштар шаардын желдеп турушуна тоскоолдук болууда.