БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда кайрадан хорсбол боюнча аймактык чемпионат өткөрүлөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына аталган спорттун түрү боюнча федерация жетекчиси Мунарбек Кулданбаев кабарлады.
Алгачкы аймактык чемпионат былтыркы жылдын февраль айында болгон. Анда аймактык атаандаштарын жеңген "Кызыл-Туу-2" командасы француздар менен жолдоштук беттешке чыккан. Оюндун жыйынтыгында коноктор 6:5 эсебинде утушка ээ болгон.
Хорсбол — Францияга таандык оюн. Анда баскетбол менен регбинин элементтери камтылып, оюнчулар ат үстүндө беттешет. Мелдештин максаты — жерден үч метр бийиктикте орнотулган атаандаштын алкагына болушунча топту көп салуу. Ар бир командада төрттөн оюнчу болуп, 10 мүнөттүк эки таймдан турат.