Sputnik Кыргызстан агенттиги тамаша-чын иретинде ар бир адамга карата алардын биздин менталитетке дал келбеген же кээде кыжырга тийип жиберген жоруктарын тизмектемей болду. "Чү" дегенде эле келиндерден баштадык.
Эки күндүн биринде төркүнгө чуркагандар. "Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт" деген сөз так ушундай келиндерге арналган. Анан да жөн барбай кайын-журттагы сөздүн бирин калтырбай ташып баргандар жанды гана кашайтат да.
Телефон колунан түшпөгөндөр. Кайнене-кайнатанын кыжырын кайнаткан дагы бир учур. Же быжырап бирөө менен сүйлөшөт же телефонду эми көргөндөй колунан түшүрбөй чукулайт. Оокат-жумушуңду бүтүрүп коюп, өз бөлмөңө кирип алып каалаганча сүйлөшсөң деле жетишесиң.
Илээндилер. Үйүнө барсаң бир бурчунда кири жатат үйүлүп, бир жагында кийими жатат чачылып, кир идиши додолонгон, эмерегиндеги чаңы беш эли. Анан көзүн ушалап, саксайып өзүнүн бөлмөсүнөн чыгып келет. Ооз тийгизейин деп же нанын таппайт. Ай кудай, ай…
Бой көтөргөндөр. Асмандан түшсөң да эмне болуптур, жок дегенде керсейбей ийилип чай куюп, ийилип сунуп кой. Келин деген келиндей болгон жакшы. Теңсинбей, текеберленген мүнөз жакшылык алып келбейт эмеспи. Бирде болбосо бирде муну көзүңө карабай айтчулар табылат, ошондо назарың сынбасын. Андыктан, арыдан бери болгон оң.
Кесирленгендер. Барды бардай баалай билсең. Ар ким өзүнүн чама-чаркына жараша оокат кылат.